Биз менен байланышыңыз

Прокуратура: «Тез жардамдын» жетекчилиги 18 млн 413 миң сомду мыйзамсыз бөлүп алышкан

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 138 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы борбордогу Тез жардам борборуна текшерүү жүргүзүп, 18 млн 413 миң сомду мыйзамсыз алышканын аныктап чыккан. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган билдирүүгө караганда, Тез жардам борборунун жетекчилиги 2022-жылы жана 2023-жылдын 7 айында «айлык акынын үнөмдөө фондусуна бөлүндү» деген шылтоо менен 18 млн 126 миң сомду эмгекке катышуу коэффициенти катары борбордун бардык кызматкерине бербестен, өздөрү мыйзамсыз бөлүп алышкан.

Андан тышкары дарыгерлердин, орто, кенже медицина кызматкерлеринин айлык акысына кошумча төлөм катары каралган акчаны ай сайын ич ара бөлүп алып турушкан. Бул сумма 287 миң сом болгон.

Айтылган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси, 210-беренеси менен иш козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына тапшырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM