Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Быйыл азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 191 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө айдоо-себүү иштери боюнча маалымат берди.

Министр калктын ден соолугу маанилүү экенин белгилеп, ветеринардык, фитосанитардык талаптарга жооп бербеген мал базарлар, касапканалар жабылып жатканын билдирди. Тамак-аштын сапатына өзгөчө көңүл буруларын кабарлады.

Аны менен катар чакан үлүш жерлерди кооперативдерге бириктирүү жүргүзүлүп жатканын, мындай ыкма өндүрүмдүн көлүмүн жакшыртарын белгиледи. Ошондой эле кооперативдер айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шартта лизингге алышса болорун маалымдады. Андан тышкары айылдарга агроном адистиги зарыл болуп турганына токтолду.

Министрликтин маалыматына караганда, быйылкы жазгы айдоо-себүү иштерине 42 миң 500 тонна дизель керектелет. Учурда Мамлекетттик материалдык резервдер фонду дыйкандарга 63 сом 50 тыйындан күйүүчү май берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM