Биз менен байланышыңыз

Президент мүлкүн «адалдаганын» айтып, башкаларды да ушул жолго чакырды

Кыска кабар | 15 Фев 2024 | 154 | 0

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Бишкектеги мүлкүн легалдаштырганын жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кирешени легалдаштыруу боюнча былтыр кабыл алынган мыйзам ушул жылдын 1-июлуна чейин күчүндө болорун, андан кийин ал мыйзам иштебесин эскертти. Ошондой эле мыйзам «бай жарандар капиталдарын чет жерлерге кармабай, өлкөгө алып келсин, накталай акчаларын биздин банктарга салышсын, өзүбүздүн экономикабыздын пайдасына иштесин» деген максатта кабыл алынганын түшүндүрдү.

«Буга чейин баарыбыз эле (карапайым калктан башка орто бизнесмендерден тарта жогоркулардын баары) мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Мындан сырткары эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Мындай байлар бизде көп. «Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат?» деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин «Мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң?» деген суроо туулуп, маселе жаралат эле. Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз», — деди Президент.

Аны менен катар өзүнүн легалдаштырган мүлкү тууралуу маалымат берип, курулушу 2010-жылы аяктаган Бишкек шаарынын Султан Ибраимов көчөсү, 96 дарегиндеги имараттын сүрөтүн жарыялады.

«Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым», — деди мамлекет башчысы.

Президенттин айтымында, мүлкү 20 миллион доллардын тегерегинде болгон. Аны легалдаштыруу үчүн мамлекетке 1 млн сом төгүп берген.

«Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун», — деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Ошондой эле өлкөдөгү бай адамдарга кайрылып, мүлктөрүн легалдаштырууга, башка өлкөнүн банктарындагы акчаларын Кыргызстандын банктарына которууга чакырды. Президент капиталдын коопсуздугуна мамлекет кепилдик берерин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM