Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун колдогон жок

Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 252 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 13-февралдагы жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун карады.

Талкуу маалында депутаттар Жанар Акаев менен Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун сынга алып, аны аягына чейин иштеп чыгуу зарыл деп белгилешти.

Мыйзам долбооруна Жамиля Исаева, Чыңгыз Ажыбаев, Дастан Жумабеков «макул» деп добуш берди, калган комитет мүчөлөрү каршы болду.

Массалык маалымат каражаттарынын ишин тескеген мыйзам долбоору 55 беренеден турат. 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калгандыктан жаңы долбоор сунушталган.

Акаев: «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн

Copyright © 2017 Maral FM