Биз менен байланышыңыз

Акаев: «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам 95% Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 252 | 0

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлардын иштөөсү татаал болуп калат. Долбоор 95 пайыз Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн.

Бул тууралуу депутат Жанарбек Акаев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтты.

Ал мыйзамды иштеп чыгууда жарандык коомдун, медиа өкүлдөрүнүн пикирлери эске алынбаганын сындап, мыйзам долбоорун комитет жыйынынын күн тартибинен алып салууну жана консенсуска келип, биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.

«Бул мыйзам өтсө, көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жабылат. Ошондуктан кеңири форматта талкуулар болсун, кемчиликтерин кайра иштеп чыгышсын. Медиа өкүлчүлүктүн ойлорун угуп коюш керек. Көп журналисттер азыр ууруларды, мафияны, коррупционерлердин бетин ачып, өкмөткө жардам берип жатат. Анын баарын чектейбиз деген туура эмес болуп калат. Бул мыйзам долбоору азыркы турушу менен өтпөшү керек, кайра иштеп чыгуу керек. Мындай жол менен кетсе, парламент үчүн, өлкө үчүн деле аброй алып келбейт», — деди депутат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алгандан кийин айтылган сунуштар эске алынарына ишендирди.

«ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибинен алуу сунушу колдоо тапты.

Массалык маалымат каражаттарынын ишин тескеген мыйзам долбоору 55 беренеден турат. 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей калгандыктан жаңы долбоор сунушталган.

Документте белгиленгендей, үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштайт.

Ошондой эле «веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM