Биз менен байланышыңыз

Орусия соту Facebookтун маалымат катчысын сыртынан камакка алды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2024 | 367 | 0

Москва шаарынын Басман райондук соту кечээ, 12-февралда Meta (Facebook) компаниясынын маалымат катчысы Энди Стоунду сыртынан камакка алган чечим чыгарды. Маалымат «Москва шаарынын жалпы юрисдикциядагы соттору» Телеграм-каналына жарыяланды.

Сот Энди Стоунду Кылмыш кодексинин «террордук ишмердүүлүккө жардам берүү», «терроримзди актоо», «терроризмге ачык чакырык жасоо» беренелери менен айыптап, эки айга камакка алган. Бул жаза маалымат катчы Орусиянын аймагында кармалган же алып келинген учурда колдонулат.

Ушул эле күнү «Росфинмониторинг» мекемеси Энди Стоунду экстремисттердин жана террорчулардын тизмесине киргизди.

Айта кетсек, Орусия Энди Стоунду экинчи жолу сыртынан камакка алып жатат. Өткөн жылдын ноябрь айында да маалымат катчыны «терроризмге байланышы бар» деп айыптап, Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Бирок Энди Стоун аппеляциялык арыз бергенине байланыштуу соттун биринчи чечими мыйзамдуу күчүнө кирген эмес.

Meta компаниясы Орусияда «экстремист» деп табылып, өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салынган. Компания ээлик кылган Facebook жана Instagram социалдык тармактарына бөгөт коюлган. Учурда орусиялыктар бул тармактарды VPN аркылуу колдонушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM