Биз менен байланышыңыз

Александер Стубб Финляндияга президент болуп шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2024 | 373 | 0

Кечээ, 11-февралда Финляндия мамлекетинде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Анын жыйынтыгында оңчул-орточул (правоцентрист) багыттагы «Улуттук биримдик» партиясы көрсөткөн талапкер, консерватор Александер Стубб өлкө башына келгенин ВВС маалымат кызматы жазды.

Александер Стубб 1968-жылы туулган. Мамлекеттик кызматтагы жолу 1995-жылы Финляндиянын тышкы иштер министрине кеңешчи болуудан башталса, саясаттагы жолу 2004-жылы Европа парламентине депутат болуп шайлануу менен башталган.

Президент болуп келгенге чейин Финляндияда тышкы иштер министри, премьер-министр, финансы министри кызматтарын аркалаган.

Айта кетсек, Финляндияда президенттик шайлоо 28-январда өткөн. Анда 27,2% добуш алган «Улуттук биримдик» партиясынын талапкери Александер Стубб менен 25,8% добуш алган «Жашыл бирикме» партиясынын талапкери Пекка Хаависто экинчи турга өткөн.

Кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгында Александер Стубб 51,6% добуш алган. Ал эми анын атаандашы Пекка Хаавистого шайлоочулардын 48,4%ы добуш берген.

Александер Стубб Финляндиянын 13-президенти болуп саналат. Анын кызматка расмий киришүү салтанаты 1-мартта болуп, учурдагы мамлекет башчысы Саули Ниинистё ордун өткөрүп берет.

Финляндиянын Башмыйзамына ылайык, президент 6 жылдан эки мөөнөткө шайлана алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM