Биз менен байланышыңыз

Президент планшеттин пайдаларын айтып берди

Кыска кабар | 11 Фев 2024 | 233 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде санариптик системанын артыкчылыктары тууралуу айтып, планшет колдонгонун сындагандарга жооп кайтарды.

Мамлекет башчысы 2007-2008-жылдардан бери интернетти активдүү колдонуп келерин, алгач iPhone телефонун колдонуп жүрсө, кийинчерээк IPad планшетин, ноутбук колдонууга өткөнүн айтып берген.

«Көп иштерди аткарууда бул заманбап техникалар абдан ыңгайлуу. Кагаз-калемдин кереги жок. Ичинде бардык маалыматтар бар. Архивди ачып бир сыйра карасаң, тээ 5-10 жылдан берки керектүү маалыматтарың сакталуу турат. Дайыма жаныңда: каалаган убакта каалаган маалыматыңды, каалаган материалыңды таап аласың. Мындан сырткары «заметкага» күнүмдүк иштерди белгилеп жазып койсоң, ал эч нерсени унуттурбайт. Эртең менен ача салып, «бүгүн өкмөткө, министрликтерге жана аймактарга кайсыл тапшырмаларды берүү керек, кандай иштерди жасашыбыз керек, ички-тышкы саясатта кандай маселелерди аткарышыбыз керек» деп белгилеген эскертмелерди карап, ишиңди иреттеп турасың. Ошого жараша баарына тапшырмаларды бересиң. Иштер тез-тез бүтөт. Андан сырткары «Кумтөр» сыяктуу бир топ мамлекеттик стратегиялык мекемелерди, бажы постторун, Кырдаалдык борборду ушул жерден эле онлайн режимде түздөн-түз көрүп турам. Мунун артыкчылыктары ушунда», — деген мамлекет башчысы.

Аны менен катар эки жылдан бери өкмөткө «кагазды унуткула, санарипке өткүлө» деген талап коюп келе жатканын, алдыда санариптик систамага толук өткөрүлөрүн маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM