Биз менен байланышыңыз

Президент БАЭге иш сапары менен барат

Кыска кабар , Саясат | 10 Фев 2024 | 1827 | 0

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен 12-13-февралда Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышуу үчүн Дубай шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, саммиттин ишине глобалдык артыкчылыктарды, тенденцияларды талкуулоо үчүн мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларынын, дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле ар кыл тармактардагы эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана ийгиликтүү дүйнөлүк лидерлердин катышуусу күтүлүүдө. Адамзатка кызмат кылууда натыйжалуу чечимдерди издөө максатында эл аралык кызматташууга, билим жана алдыңкы тажрыйба алмашууга көмөктөшүү маселелери каралат.

Президент Садыр Жапаровдун Саммиттин пленардык сессиясында чыгып сөз сүйлөшү, Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда»- деп белгиледи М.Азымбакиев.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM