Биз менен байланышыңыз

Филипп Киркоров «жылаңач кечеге» катышканы үчүн «кара тизмеге» кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2024 | 477 | 0

«Февраль айынын башында Орусиядагы продюсерлер жана промоутерлер «концерт берүүсүнө, концерттерге катышуусуна тыюу салынган» артисттердин жаңыртылган тизмесин алышкан», — деп жазды «Медуза» басылмасы жеке булактары берген маалыматка таянып.

Маалыматка караганда, бийликтин «кара тизмесине» «дээрлик жылаңач кечеге» катышкандар, Украинага согуш ачууга каршы чыккандар, Орусия бийлигин сындап жүргөндөр, дагы ушул сыяктуулар кирген.

Жалпысынан 50 артистке «концерттик ишмердигине тыюу салуу» чечими чыккан. Алардын арасына «дээрлик жылаңач кечеге» катышкан Филипп Киркоров, Лолита Милявская, Дима Билан сыяктуу атактуулар да бар.

«Тыюу салууга» тушуккан артисттердин айрымдары бул тизмени Президенттин администрациясынын коомдук долбоорлор башкармалыгы бекитерин айтышкан.

Айта кетсек, 2023-жылдын 21-декабрында орусиялык блогер Анастасия Ивлеева «Мутабатор» түнкү клубунда «Дээрлик жылаңач (Почти голой)» кече уюштурган. Бул Орусияда чуу жаратып, ага катышкан айрым ырчылар социалдык тармактар аркылуу кечирим сурашкан.

Булардын ичинен репер Васиону Москва шаардык соту «бейбаштык кылды» деген кине менен 15 суткага камап, «ЛГБТны жарнамалады» деген кине менен 200 миң рубль айыпка жыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM