Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Монголия түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда

Кыска кабар | 5 Фев 2024 | 181 | 0

Кыргызстан менен Монголия эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев менен Монголиянын жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Монхтуя Чимеддорждун жолугушуусунда белгилүү болду.

Артыкбаев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын ачуу үчүн Монголиянын авиакомпанияларын тартууну сунуштады.

Тараптар мындан тышкары, жарандык авиация боюнча кызматташууга ишенимин билдиришти.

Эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу тууралуу маселе президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын июль айында Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында да сүйлөшүлгөн. Ал сапарда Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM