Биз менен байланышыңыз

Тиш доктурда чарчап калган наристенин өлүмү. Анестезиолог үй камагына чыкты

Кыска кабар | 31 Янв 2024 | 467 | 0

Бишкек шаардык соту 31-январдагы чечими менен стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө айыпталып кармалган анестезиолог Т.А. ны үй камагына чыгарды.

Шаардык соттун маалыматына караганда, соттук коллегия шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып, аны үй камагына чыгарган.

Бишкектин Октябрь райондук соту 13-январда дарыгерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

2023-жылдын 18- декабрында Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык, кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM