Биз менен байланышыңыз

Президент: Мамлекеттик ипотекалык үйлөр жарандардын баарына берилет

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 233 | 0

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчы «Фейсбук» баракчасы аркылуу жарлыктын максаттарын түшүндүрүп, ипотекалык негизде курула турган жана курулуп жаткан үйлөрдүн даректерин жарыялады.

Президенттин айтымында, буга чейин ипотекалык компания батирлерди мамлекеттик кызматкерлерге гана берип келген. Учурда да мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылдык мөөнөттө ипотекалык үйлөр берилип жатат.

Мындан ары андай түрдөгү турак жайлар кайсы тармакта иштебесин, Кыргызстандын жарандарынын баарына берилет. Тактап айтканда, мүмкүнчүлүгү бар башка жарандар да үлүштүк катыш менен батир ала тургандай шарттар түзүлгөн.

«Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат. Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!» — деди мамлекет башчысы.

Президент мындай чечимге келишине алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрү себеп болгонун белгилеп, мындан ары бардык жарандын батир алуу маселесин мамлекет колго аларын маалымдады.

Ошол эле учурда базарда же чет мамлекетте, же ушул сыяктуу башка жактарда иштеген жарандарга баштапкы төлөм менен берилишине үйлөрдү жапырт курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын жүйө келтирди. Келечекте мындай үйлөр баарына бирдей шартта берилерине ишендирди.

Президент тамак-аш коопсуздугу, келечек муун үчүн айдоо жерлерди сактап калуу кажет экенин, андыктан көп кабаттуу үйлөрдү куруу замандын талабы болуп жатканын козгоп өттү.

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан жана курула турган үйлөр төмөнкү даректерде жайгашкан:

Бишкек шаарында: 

  • Скрябин көчөсү, 45-45а – ар бири 15 кабаттан турган 7 үй, жалпы 549 батир бар;
  • Чыңгыз Айтматов көчөсү, 102/1-2 – ар бири 18 кабаттан турган 6 үй, жалпы 620 батир бар;
  • Кубанычбек Маликов көчөсү, 91 – 28 кабаттуу 11 үй, 24 кабаттуу 17 үй, 18 кабаттуу 11 үй, жалпы 5050 батир бар;

Ош шаарында: 

  • Набережная көчөсү, 3 – ар бири 9 кабаттан 2 үй, жалпы 192 батир бар;
  • аэропортко кеткен жол – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;

Жалал-Абад шаарында: 

  • Курманбек көчөсү, 135 – ар бири 9 кабаттан 7 үй, жалпы 639 батир бар;
  • Манас көчөсү, 144 – ар бири 9 кабаттан 6 үй, жалпы 450 батир бар;

Сузак районунда: 

  • Ленин айылы, Н. Порошай көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 945 батир бар;
  • Сузак айылы, Юнусов көчөсү – ар бири 5 кабаттан 7 үй, жалпы 240 батир бар;

Нарын шаарында: 

  • Молдоев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 4 үй, жалпы 216 батир бар;

Талас шаарында: 

  • ар бири 9 кабаттан 9 үй, жалпы 504 батир бар;

Чолпон-Ата шаарында: 

  • ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;

Каракол шаарында: 

  • Кусеин Карасаев көчөсү – ар бири 9 кабаттан 103 үй, жалпы 4986 батир бар;

Баткен облусунда:

  • Ак-Сай, Кулунду айылдары – 76 жер там.

Мамлекет башчы бул жаатта суроолор болсо, Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылууга чакырды.

Компаниянын дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½. Телефондору: 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (вотсап). Сайты — www.gik.kg

Copyright © 2017 Maral FM