Биз менен байланышыңыз

1-июндан тарта базарлар, коомдук унаалар санариптик системага өткөрүлөт

Кыска кабар | 30 Янв 2024 | 305 | 0

Салык тармагы санариптик системага толук өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматы менен өткөргөн көчмө жыйында билдирди.

Жыйындын отурумунда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралган. Анда Акылбек Жапаров салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү маселесин козгогон.

«Азыр XXI кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. «Программалар оор, күч келди» деп токтоп калуу болбосун. Алдыңкы IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар», – деген Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров андан тышкары бул жаатта атайын каражат бөлүнөрүн, базарлар, коомдук унаалар 1-июндан тарта санариптик системага толук өткөрүлөрүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM