Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети «ЖМКлар жөнүндө» мыйзам долбоорун бул жолу да караган жок

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 97 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети да «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодон баш тартты.

Мыйзам долбооруна баяндамачы катары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу келген.

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков бул мыйзам долбоору өткөн жумада да күн тартибинен алып салынганын эскертип, «Бул жолу карай беребизби же алып салабызбы?» деген суроо койду.

Депутат Тазабек Икрамов бул жөн маселе эмес экенин, андыктан министрдин өзү келсе туура болорун айтып, күн тартибинен алып салууга чакырды.

Ушундай эле маанидеги сунушту депутат Бахридин Шабазов да берип, министрден тышкары журналисттер катышса туура болмогун эскертти.

Төрага Мурадил Сыдыков да министр, долбоорду иштеп чыккан топ, журналисттер баары келмейинче кароо туура эмес болорун белгилеп, сунушту добушка койду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу сунушу бир добуштан колдоо тапты.

Айта кетсек, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бул мыйзам долбоорун өткөн жумада да күн тартибине киргизип, министр келбегендигине байланыштуу кайра алып салышкан.

Андан мурдараак Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети да кароодон баш тартышкан.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM