Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин дагы бир комитети ЖМК тууралуу долбоорду караган жок

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 135 | 0

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун карашы керек болчу.

Депутат Улукбек Ормонов жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун катышуусун талап кылды.

«Маанилүү мыйзам тууралуу министр өзү орун басарлары менен келип, биринчи окууда маалымат берсин», — деди депутат.

Президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов маданият министри Алтынбек Максүтов музыкалык мектептерди карап жүргөнүн жана мыйзам долбоору тууралуу маалымат берүү милдети орун басарына тапшырылганын айтты. Абытов министр келгенге чейин долбоорду карай берүүнү өтүндү.

Депутат Улукбек Ормоновдун мыйзам долбоорун министрдин катышуусунда кароо жөнүндө сунушу колдоо таап, долбоор күн тартибинен алынды.

15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети да «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаштуу беренелер көп экенин белгилешти. Депутат Айбек Осмонов аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапты. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитеттин күн тартибинен алынган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору 55 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM