Биз менен байланышыңыз

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 169 | 0

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Депутаттар мыйзам долбоорундагы бир топ чийки болуп калган учурларды белгилешти. Депутат Айбек Осмонов талаштуу беренелер көп экенин айтып, аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапты.

Журналист Кайыргүл Урумканова аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топ медиа өкүлдөрүнүн сунуштарын эске албаганын айтты. Мыйзам кабыл алынса, эркин ЖМКга чектөө киргизүүгө алып келерин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору комитеттин күн тартибинен алынды.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору 55 беренеден турат. Анда Кыргызстандагы медиамекемелердин иштөө тартиби, маалымат топтоо жана аны таратуу жол-жоболору жазылган.

Документте 1992-жылдын 2-июлундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» колдонуудагы мыйзам эскирип, азыркы замандын чакырыктарына жооп бербей турганы айтылат.

Документте белгиленгендей, үзгүлтүксүз чыгып турган мезгилдүү басылмалар, телеканалдар менен радиолор, веб-сайттар, маалымат агенттиктери жана маалымат чогултуу, аны таратуу менен алектенгендер жалпыга маалымдоо каражаты деп эсептелинет.

Жалпыга маалымдоо каражаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана ишин баштай турганы жазылган. Ошондой эле «веб-сайттар Санариптик министрлигинен милдеттүү түрдө тармактык маалымат каражаты катары катталууга тийиш» деген талап коюлган.

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзүп, жетекчилигине Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушовду дайындаган.

Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин эл аралык уюмдар, медиаэксперттер айтып келишүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM