Биз менен байланышыңыз

Чүйдө сноуборд тээп жүрүп жардан кулап кеткен адам куткарылды

Кыска кабар | 21 Янв 2024 | 151 | 0
сүрөт интернеттен алынды

20-январда 23 жаштагы адам сноуборд тээп жүрүп коктуга түшүп кетип, бутун кокустатып алган. Чакырылган жерге алты куткаруучу барган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар Аламүдүн районундагы «Кашкулак» лыжа базасында сноуборд тээп жүрүп жардан кулап кеткен адамды алып чыгышты. Жабыркаган жигитти куткаруучулар 100-150 метр ылдыйдан алып чыгышкан.

Кызматкерлер тургунду Бишкек шаарына алып келишкен. Учурда жигиттин абалы жакшы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM