Биз менен байланышыңыз

Балдардын майыптыгы боюнча жөлөкпул алуу үчүн кандай документтер керек?

Кыска кабар | 21 Янв 2024 | 177 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен балдардын майыптыгы боюнча жөлөкпул алуу үчүн кандай документтер керектеле тургандыгын айтышты.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чыга элек майыптуулугу бар балага ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдарды алуу үчүн жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуу зарыл.

Жөлөкпул алуу үчүн арыз ата-энелер (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлдөчүүлөр) тарабынан берилет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өзүнчө жашаса, анда арыз бала менен чогуу жашаган ата-энесинин (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) жашаган жери боюнча берилет.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулга кайрылууда төмөнкүдөй документтер керек:

1. арыз ээсинин паспорту;
2. баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу маалымат/күбөлүк ;
3. жашаган/турган жери боюнча каттоо жөнүндө маалымат (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана);
4. медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыгын тастыктаган маалыматы.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки 37 миң 494 бала майыптыгы боюнча жөлөк пул алышат.

2021-жылдын күз айынан бери президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жөлөк пул эки этап менен 100%га көтөрүлүп, бүгүнкү күндө ар бир балага айына 8 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM