Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кулаган тик учактан көз жумган учкучтун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 19 Янв 2024 | 737 | 0
Сүрөт "Акипресс" сайтынан алынды

Бишкектин четинде кулаган тик учактын көз жумган учкучу Жайыл Самудиновдун сөөгү бүгүн, 19-январда жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Ак-Өргө конушунда өттү. Ага Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, кесиптештери, жакындары катышты.

Жайыл Самудинов 1994-жылы Талас облусунда туулган. Орусиянын Сызран шаарындагы жогорку аскердик авиациялык академияны аяктаган. Өмүрүнүн соңку учурларында Коргоо министрлигинин Башкы штабында иштеп жаткан.

Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болгон. Быйыл үйлөнүүнү пландап жүргөнүн туугандары эскеришти.

Айта кетсек, 17-январда Бишкектин четиндеги «Фрунзе-1» авиабазасында МИ-8 аскердик тик учагы кулап, кырсыктан Жайыл Самудинов каза таап, калган 10 учкуч катуу жарадар болгон.

Кулаган тик учактын чоо-жайы: Жоопкерчилик кимде?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM