Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаевдин эки унаасы мамлекеттик органдарга берилди

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 153 | 0

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлкүн конфискациялоодо алынган 6 унаанын экөө мамлекеттик органдарга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Тагыраагы, 25 млн 500 миң сомго бааланган Mercedes-Benz S600 унаасын Президенттин иш башкармалыгы, ал эми 1 млн 150 миң сомго бааланган Kia Rio X-Line унаасын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алган.

Калган төрт унаа кайрадан аукционго коюлган.

Айта кетсек, кримтөбөл Камчы Көлбаев өткөн жылдын 4-октябрында УКМКнын атайын операциясы учурунда окко учкан.

Андан кийин УКМК Көлбаевге таандык делген мүлктүн көпчүлүгүн мамлекетке өткөрүп берген. Алынган мүлктөрдүн ичинде ушул алты унаа да болуп, аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукционго койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM