Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операция учурунда каза болду

Кыска кабар | 4 Окт 2023 | 3546 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) УКМКнын атайын операциясы учурунда каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы бир кримтөбөл «Дөө Чыңгыздын» өлүмүнө шектүү катары издөөгө алынып, жүргөн жери аныкталган.

Бүгүн, 4-октябрда «Блондер» клубунда кармоого барган атайын кызматтын аскерлерине каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада аскерлер кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди жана анын жансакчысын атып салууга аргасыз болушкан.

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2020-жылы 21-октябрда УКМК тарабынан Бишкек шаарында кармалган. Ал «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү» беренеси боюнча айыпталган. Көлбаев 2-ноябрь күнү ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган. Март айында чет жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM