Биз менен байланышыңыз

Көлбаевге таандык автоунаалар мамлекет аукционго коюлду (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 355 | 0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык автоунааларды электрондук аукционго койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бул унаалардын ээси министрлер кабинети экени белгиленген. Сатып алуу сом менен жүргүзүлөт.

Электрондук аукцион auctionetp.gov.kg. электрондук соода аянтчасында жүргүзүлөт. Арыздар 20-ноябрь саат 10:00дөн тарта кабыл алына баштаган. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 11-декабрь саат 10:00.

Электрондук аукцион 11-декабрда саат 12:00дө башталат.

4-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүп, натыйжада Көлбаев жок кылынган. Андан кийин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев криминал менен күрөшүү күчөтүлөрүн эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM