Биз менен байланышыңыз

ИИМде айрым журналисттердин сурак берип бүткөнү маалымдалды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 106 | 0

Бүгүн, 16-январда ИИМ кызматкерлери кармап кеткен журналисттердин айрымдары: «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун кабарчылары Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жумабек Турдалиев, Максат Тажыбек уулу сурак берип бүттү. Бул тууралуу алардын жактоочусу Баатыр Ботобеков билдирди.

Жактоочунун айтымында, журналисттер күбө катары суралышкан. Себеби бул учурда көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайт, ар бир суроого жооп берүүгө милдеттүү болуп калат.

Ботобеков сурак бүткөнү менен журналисттер үйлөрүнө коё бериле электигин да кошумчалады.

«Азыр аларга айып тагабы же кандайдыр бир буйрукту күтүп жатышабы, белгисиз. Материалдарда эч кандай кылмыш иши жок», — деди ал.

Айта кетсек, бүгүн, 16-январдын таңында ИИМ кызматкерлери «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча медиа» жана «ПолитКлиника» басылмасынын журналисттеринин үйүнө тинтүү жүргүзүп, онго жакын журналистти суракка алып кеткени кабарланган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM