Биз менен байланышыңыз

ИИМ журналисттердин кармалышы боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 309 | 0

Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 16-январда билдирди.

Иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

12-январда эскспертиза «Айт, айт десе», «Temirov Live» аттуу баракчаларга тиешелүү материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар экенин тастыктаган корутунду чыгарып берген.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен иш козголуп, тиешелүү тергөө жүргүзүүдө.

16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун, «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Булардын ичинен Сапар Акунбеков менен Актилек Капаровду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка алып кеткени, аларга «массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси менен иш козголуп жатканы маалымдалды.

Аны менен катар «ПолитКлиника» сайтынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүнө да тинтүү жүргөнүн медиа мекеменин директору Дилбар Алимова кабарлады.

Айта кетсек, кечээ, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине да тинтүү жүрүп, директору Асел Оторбаевага, сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лынарга «согушка чакырык» деген кине коюлуп, УКМКга сурак берип чыгышканы кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM