Биз менен байланышыңыз

Журналисттердин үйүнө тинтүү жүрүп жатканы айтылууда

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 767 | 0

Бүгүн, 16-январдын таңында бир нече журналисттин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат тарады. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун, «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Булардын ичинен Сапар Акунбеков менен Актилек Капаровду Ички иштер министрлигинин кызматкерлери суракка алып кеткени, аларга «массалык башаламандыктарга чакыруу» беренеси менен иш козголуп жатканы маалымдалды.

Аны менен катар «ПолитКлиника» сайтынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүнө да тинтүү жүргөнүн медиа мекеменин директору Дилбар Алимова кабарлады.

Ички иштер министрлиги бул боюнча азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.

Айта кетсек, кечээ, 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине да тинтүү жүрүп, директору Асел Оторбаевага, сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лынарга «согушка чакырык» деген кине коюлуп, УКМКга сурак берип чыгышканы кабарланган.

УКМК 24.kg агенттигине козголгон иш боюнча маалымат берди

Copyright © 2017 Maral FM