Биз менен байланышыңыз

УКМК 24.kg агенттигине козголгон иш боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 182 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет 24. кg басылмасына 15-январда иликтөөнүн негизинде кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси («Согушка үгүттөө») боюнча иш козголуп, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бүгүн 24.kg басылмасынын кеңсесине тинтүү жүргүзүлүп жатканын аталган басылманын редактору Махинур Ниязова кабарлаган. Түштөн кийин агенттиктин башкы директору Асел Оторбаева, редактору Махинур Ниязова сурак берүү үчүн УКМКга жеткирилгени кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM