Биз менен байланышыңыз

Эмил Жамгырчиев 17-январда акыркы окуялар тууралуу маалымат берет

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 244 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев акыркы окуялар боюнча парламенттин 17-январдагы отурумунда кеңири маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынан качып кеткен себебин, УКМКга барганга чейин кайда жүргөнүн айтып берерин кабарлаган.

Аны менен катар Өзбекстандын кримтөбөлү Салим Абдувалиевге жазган каты боюнча маалыматы жоктугун, ал эмне болгон кат экенин билбесин айткан.

«Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот», — деген Жамгырчиев.

Айта кетсек, депутат Эмил Жамгырчиевге «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн» деген айып коюлууда.

Депутат Жамгырчиев УКМКга сурак берди

Copyright © 2017 Maral FM