Биз менен байланышыңыз

Депутат Жамгырчиев УКМКга сурак берди

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 482 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка келди. Бул тууралуу 12-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

10-январда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия депутат Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн колдогон. Ага «мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» боюнча айып тагылган.

УКМК билдиргендей, депутат 9-январда ЖКда түзүлгөн комиссиянын чечими чыкканга чейин белгисиз себептер менен качып кеткен.

Парламенттин 10-январдагы жыйынында Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Жамгырчиев күч органдарына тергөө ишине байланыштуу келсе, кармалбай турганын айткан.

12-январда УКМК Жогорку Кеңештин спикерине жана «Альянс» фракциясынын лидеринин дарегине депутат Эмил Жамгырчиевди тергөө иштерине катышуусун камсыздоо үчүн кайрылган.

Маалыматка караганда, Жамгырчиев Атайын кызматка келип, шектүү катары сурак берип, кайра коё берилген.

Учурда депутаттын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча ишинин материалдары тергелип бүтүү этабында экени жана сотко өткөрүлүп берилери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM