Connect with us

Жогорку Кеңеш депутат Жамгырчиевди жоопко тартууга макулдук берди

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 308 | 0

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевди жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

Комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев бир нече отурум өткөнүн, Жамгырчиевди жоопко тартууга байланышкан бир катар материалдар каралганын, тиешелүү тараптардын билдирүүлөрү угулганын маалымдады.

Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылы декабрда Өзбекстан мамлекетине мыйзамсыз өтүп, 16-декабрда кайра кайтып келген.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган укук коргоо кызматкерлери да катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Жыйынтыгында каттоодон өткөн 81 депутаттын 69у Эмил Жамгырчиевди жоопко тартууга макул болгон комиссиянын чечимин колдоп беришти.

Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.

Депутат Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM