Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиев Салим Абдувалиевден колдоо алуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз барган

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 295 | 0

Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев 27-декабрдан бери бир нече отурум өтүп, ага депутат Жамгырчиев, анын жактоочулары, күч органдары катышканын айтты.

«Кечээ жыйындын экинчи бөлүгү тергөөнүн өтүнүчү менен жабык эшик артында өттү. Тергөө депутаттын чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча далилдерди келтирген. Жамгырчиевге Өзбекстанда да кылмыш ишин козгогондуктан, биз ишендик», — деди ал.

«Материалдарга ылайык, Жамгырчиев Салим Абдувалиев аттуу адам менен («Салимбай байбача») жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Кайра болжол менен 16-декабрда Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга кайтып келген. Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон. Жамгырчиев издөөгө алынган».

Башкы прокуратура 27-декабрда депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жана парламентте убактылуу комиссия түзүлгөн.

Эмил Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатат.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергенин белгилүү болгон. «Азаттык» жарыялаган видеодо Жамгырчиев кесиптеши Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, чыгып кеткени айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM