Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 15 миң 681 кг йогурт мыйзамсыз ташып келинген

Кыска кабар | 3 Янв 2024 | 126 | 0

Кыргызстанга Россиядан 15 миң 681 кг йогурт азыктарын мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү Ветеринардык кызматтын «Ак-Тилек» чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган. Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги аныкталып, инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM