Биз менен байланышыңыз

Тазабек Икрамов: «Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат»

Кыска кабар | 3 Янв 2024 | 408 | 0

Депутат Тазабек Икрамов жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштосунда көтөрүлүшү керек, душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат-деген пикирин өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, Президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле. (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат. ) Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде жалпы ММКанын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин ЖКда сунуш кылынган варианты башка, википедияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада Президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз нааразычылык көбөйө берет»-деп жазды Тазабек Икрамов.

Белгилей кетсек, Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу илингени 1-январь эртең менен белгилүү болгон. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан. Ал эми, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордук аянтка мыйзам менен кабыл алынган туу илингенин, “анын нурлары 39 эле экен” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты. Шаар башчысы “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек 2-январда түшүрүлүп нурлары саналганын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM