Биз менен байланышыңыз

Жапониядагы жер силкинүүдө кыргызстандыктар жабыркаган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2024 | 266 | 0

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Жапонияда катталган жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктар жок.

Учурда ТИМ жана Жапониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Кыргызстандын ал жакта жашап жаткан жарандары менен байланышып турарын маалымдап, зарылчылык болгон учурда элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылууга чакырды.

Ошондой эле, Жапонияда 1-январдагы катуу жер титирөөдөн каза болгондор 48 адамга жетти, дагы 16 адамдын жарааты оор. Учурда 1000 аскер кызматкери куткаруучуларга жардам берип жатат. Мындан сырткары, АКШ президенти Жо Байден зилзаладан жабыркаган элге кандай жардам керек болсо, баарын берүүгө даяр экенин билдирди. Ошону менен катар Улуу Британия да жардамын сунуш кылды.

Эске салсак, жердин силкинүүсүнөн префектурадагы Жапон деңизи ташып, цунами каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам жапон бийлиги Кага, Ното, Нигата, Тояма райондорундагы калкты коопсуз жактарга көчүп кетүүгө үндөдү. Жапонияда эң катуу жер титирөө 2011-жылдын 11-мартында болгон. Анда силкинүү күчү 9 баллга жеткен зилзаладан кийин цунами көтөрүлүп, 20 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Андан тышкары «Фукусима» атомдук электр станциясы (АЭС) жарылып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM