Борбордогу «Ала-Тоо» аянтына боз үйлөр тигилди. Мэриядан кабарлашкандай, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында боз үйлөрдү тигүүгө мэрия көмөк көрсөттү.
Боз үйлөрдө улуттук буюм-тайымдар коюлган жарманке уюштурулууда.
Мэриянын басма сөз кызматы «Маралга» тактагандай, боз үйлөр дагы бир канча күн турат.