Биз менен байланышыңыз

200дөй баланы тарбиялап өстүргөн Иса Өмүракунов ааламдан өттү

Кыска кабар | 26 Дек 2023 | 1943 | 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Эне-бала мээрими» фондунун негиздөөчүсү Иса Өмүракунов ааламдан өттү. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Иса Өмүракунов 15 жылдан бери үй-жайсыз калган, куугунтукка кабылган же үйүнөн кетүүгө мажбур болгон балдарга өз үйүн баш калкалоочу жайга айлантып, иштетип келген. Иса Өмүракунов жубайы экөө «Эне-бала мээрими» фондун 2009-жылы негиздеген. Аталган фонд аркылуу 200дөн ашуун баланы тарбиялап өстүргөн.

Азыркы тапта да бул үйдө 20дан ашык бала жашайт.

Бул фонд ошол эле учурда 150дөн ашык кыз-келинге жардам берген.

Иса Өмүракунов мындай социалдык жоопкерчиликтүү ишти кантип аркалап калганы тууралуу «Марал» радиосуна 2021-жылы маек берген.

13 жылда 200дөй баланы тарбиялаган «ата»…

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM