Биз менен байланышыңыз

13 жылда 200дөй баланы тарбиялаган «ата»…

Коом | 28 мая 2021 | 2307 | 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Эне-бала мээрими» фонду үй-жайсыз калган, куугунтукка кабылган же үйүнөн аргасыз кетүүгө мажбур болгон балдардын баш калкалоочу жайына айланган. Бул жерди катардагы жаран Иса Өмүракулов жубайы экөө негиздеген. 200дөн ашуун баланы тарбиялап өстүргөн бул фонддо учурда 24 бала жашайт. Бул фонд ошол эле учурда 150дөн ашык кыз-келинге жардам берген. «Марал» радиосунун редакциясы «Эне-бала мээрими» фондунун тарбиялануучуларына анимация жана журналистика тууралуу чеберчилик сабак (мастер-класс) өтүп, алардын жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышты. 

Өзүн учурда 24 баланын атасымын деп тааныштырган Иса Өмүракулов 13 жылдан бери ата-энеси таштап кеткен, үй-бүлөдө зордук көргөн балдарды өз камкордугуна алып, тарбиялап келет. Ал жубайы экөө ортодо беш баланы тарбиялап өстүргөн. Ал эми «Эне-Бала мээрими» фонду түптөлгөндөн бери 200дөн ашык балага ата-энелик мээримин беришти. Иса Өмүракулов мындай социалдык жоопкерчиликтүү ишти кантип аркалап калганын бизге айтып берди.

«Көпчүлүк: «Келинчегиң экөөңөрдүн кимиңер жетим чоңойдуңар эле?» — деп сурайт. Биз экөөбүз тең эле толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгонбуз. Биздин мындай фондду ачуубузга жакын таанышыбыздын тагдыры себеп болду. Ал турмушка чыккан күндөн баштап, жакшы болгон жок.  Үч балалуу болуп, жашоолору болбой ажырашып кетти. Анан ошол балдардын таятасы мага чалып, «Балдарды убактылуу кароочу жайды билесиңби?» — деп сурап калды. Анан биз келинчегим менен жардам берсек, эч кимге бербей эле ижарага үй алып, өзүбүз карап берели деп чечкенбиз. Бир дос баламдын карындашы көчөдө калыптыр, аларды да карап калдык. Бир аз убакыт өткөндөн кийин медициналык окуу жайда окуган бир кыз келди. Жети айлык боюнда бар экен. Бизди кайдан уккан, билбейм. Ага да үйдөн жай берип, окуусун бүткөнгө чейин көмөк көрсөттүк. Анан ушинтип отуруп, бул иштер башталып кетти. Кош бойлуу болуп калган студенттерге да жардамдаша баштадык. Төрөт үйдөн алып, «бала чоңойгучакты окуусун бүтүп алсын» деп жардамдашат элек. Анан биздин юрист кыз айтып калды: «Жакшы иш кылып жатасыздар, бирок жакшы иш да кээде жаман болуп калат. «Муну эмненин негизинде кылып атасыңар?» — десе эмне дейсиңер?» — деди. Анан 2011-жылы каттоодон өтүп, ошондон бери расмий иштеп келе жатабыз».

«Эне-бала мээрими» фондунун максаты: балдарды үй-бүлөлүк атмосферада чоңойтуу. Айрыкча ата-энеси ичип кеткен же баланы караганга шарты жок үй-бүлөлөрдүн балдары тарбияланат. Бирок алардын үй-бүлөсү кийин ичкиликти таштап, кайра алып кетебиз десе, фонд ага каршылык көрсөтпөйт. Ал эми фонддун каржылоосу кайрымдуу инсандардын көмөгүнөн көз каранды. Азырынча мамлекет туруктуу колдоо көрсөтпөйт. Фонддун жетекчисинин айтымында, мамлекет майрам күндөрү гана ушундай балдарды эстеп калат.

«Өзүм да бул балдарды багам деп, эмне гана жумуш кылып көрбөдүм. Баарынын ырыскысын Кудай берет. Жакында дагы жети бала келет. Ата-энелери ичип балдары такыр кароосуз калгандыктан алып келинип жатат бул жерге. Ата-эне өз кызыкчылыгын ойлоп жүрө берсе, ортодо баарынан эле балага кыйын», — дейт Иса Өмүракулов.

Бегайым Жумаева — кесиби боюнча сурдопедагог. Ал «Эне-бала мээрими» фондуна үч жылдан бери келип, балдарга акысыз сабак өтүп, үй тапшырмаларына көмөктөшөт. Жумасына 3 жолу 2-3 сааттан сабак өтүп, психологиялык тренингдерди уюштурат. Буга анын кесиптеши Наргиза да көмөктөшөт.

«Бул балдар мамлекеттик мектепке барышат. Бирок сабактардан көбү аксайт, тапшырма берилсе көбү түшүнбөй калат. Байкенин өзүнүн да балдары бар, баарына жетишпейт. Биз бул балдарга өзүнө-өзү ишенүү боюнча, андан сырткары англис тили, математика, орус тилии ,кыргыз тили сабагын өтүп, анан кошумча оюн-зоокторду, туулган күндөрдү өткөрүп турабыз. Өзүбүздүн да чакан долбоорубуз бар: ар кандай кесиптин ээлери тажрыйбалрын бөлүшүп айтып берет. Буга чейин фотограф, ашпозчу, журналисттер келип кетти. Бул кесиптин коомдогу ролу кандай болот, ошолорду айтып беришет».

Кароосуз калган же турмуштун кыйын сыноосуна түшкөн балдардын башын бириктирген «Эне-Бала мээрими» фонду биз барган учурда да жогоруда жетекчиси айтып өткөн жети баланы кабыл алуу боюнча даярдыктарды көрүп жатыптыр. Иса Өмүракулов ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар дегенде эле көпчүлүк материалдык жардамды түшүнөрүн, бирок, бул жердеги балдар бир кесиптин ээси болууга дилгир жана кошумча сабак берген мугалимдерге муктаж экенин белгиледи. Мындан улам, балдарга ар түрдүү чеберчилик сабак өтүүнү каалаган, өзүнүн кесиптик тажрыйбасынан бөлүшөм деген жарандар фондго кайрылса болот.

«Эне-бала мээрими» фондунун байланыш номери: 0705321663

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM