Биз менен байланышыңыз

Белгилүү обончу Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 11 Дек 2023 | 402 | 0

13-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган.

1970-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, 1974-1979 — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

1963-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына хордун артисти, 1970-1976 —жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, 1979-1982 — жылдары филармонияда солист, 1982-жылдан баштап Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.

2010- жылы эс алууга чыгып, 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.

Аксуубай Атабаев классикага айланган мыкты обондордун автору.

«Чагылган», «Он сегиз жаш», «Эне жөнүндө баллада», «Тоолор», «Таалайбек», «Айгүл ай», «Жүрөк эңсейт» жана башка ырлары кыргыз обондуу ырларынын алтын казынасынан орун алган.

Анын ырларын СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов, Зейнеп Шаакеева, Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшөкеева, Керим Турапов, Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова, ж.б.лар ырдап жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM