Биз менен байланышыңыз

«Дордойдо» ижара акы арзандаганы кабарланды

Кыска кабар | 10 Дек 2023 | 217 | 0

«Дордой» ассациациясына кирген базарлардагы жер тилкелердин ижарасы 50-60%га чейин арзандатылды. Маалыматты ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков билдиргенин «Азаттык» сайты жазды.

Маалым болгондой, жаңы эрежелер боюнча ижара дүңүнөн саткан катарларда эки эсе, чекене саткан катарларда 30%га төмөндөтүлөт. Андан тышкары «Дордой» базарын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жаңы автобус каттамдары да киргизилет.

Айта кетсек, буга чейин «Аламүдүн» базары да соода орундардын ижара акысын 30%дан 50%га чейин арзандатканын жарыялаган.

Министрлер кабинети киргизген көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ-аппарат) боюнча бир катар базарларда нааразычылык акциялары өткөн.

5-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Дордойдогу» соодагерлер менен жолугушкан. Андан кийин «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, нааразычылык токтобосо, базарларга тышкы башкаруу киргизерин эскерткен.

6-декабрда УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу салтанатында төрага Камчыбек Ташиев базар ээлерине соодагерлерге шарт түзүүнү, ижара акыны азайтууну сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM