Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Мүлктү ачыкка чыгарууну өзүм баштап берем

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 383 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине 6-декабрда курган маегинде базарларда митингдер улана берсе, тез арада өкмөттүн атынан тышкы башкаруу киргизилерин айтты.

Ал базар ээлери, базарларда контейнерлери бар ишкерлер мүлктөрүн мыйзамдаштырып алышына жакшы шарт түзүлгөнүн айтып, салыкты ачык төлөөгө чакырды.

«Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп атам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдакы чиновниктерге, азыркы чиновниктерге, дегеле мүлктөрү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик. Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлктөрүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз аттарына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570тери барлар бар. Башка аттарга каттатып коюшкан. Легализация кылып өз аттарына каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес.

Биз буга чейинкинин баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Келгиле, баарын ачык көрсөтүп, ачыкка чыгаралы, ачык салык төлөп туралы деп атабыз. Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер» , — деди Садыр Жапаров.

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам быйыл 20-июнда кабыл алынган.

Министрлер кабинети мыйзамга ылайык, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбосуна кепилдик берилерин билдирген.

Президент Садыр Жапаров парламенттин 2022-жылы 30-июндагы жыйынында «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун пайдасын депутаттарга түшүндүрүп берген.

Ал Кыргызстандагы капчыктуу кишилер мүлкүн чет жактарда сактап жүргөнүн, бирок аны өлкөдөгү банктарга кайтаруу керектигин билдирген. Ал үчүн капиталды легалдаштыруу мыйзамы кабыл алынышы шарт деген.

Садыр Жапаров байлардын арасында бир тууганы же досу жок экенин, аларды колдоодон алыс экенин айтты. Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы 2005-2008-2010-жылдары кабыл алынган, бирок чийки болгону үчүн иштебей келген.

Copyright © 2017 Maral FM