Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев базарлардагы митингдер боюнча үн катты

Кыска кабар | 6 Дек 2023 | 428 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү базарларда болуп өткөн ККМге каршы митингдер боюнча оюн айтты.

Атайын кызматтын тараткан маалыматына караганда, Ташиев айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Ал чагымчылар ким экени тууралуу маалыматы бар экенин, алар мыйзам алкагында жакын арада жоопкерчиликке тартыларын айтты.

«Өлкөдөгү ири соода-базар комплекстерине эң бай адамдар ээлик кылышат. Алар мындан өтө чоң көлөмдө пайда табышат. Бирок соодагерлер ижара акысына чоң каражат төлөп жатканына карабастан, көпчүлүк базарларда аларга элементардык шарттар түзүлгөн эмес. Ошондуктан соодагерлердин кыйынчылыктарын азайтуу үчүн ижара акысы жок дегенде эки эсе азайтылышы кажет. Мындан тышкары, ККМ аппараттарын сатып алууга чамасы жок майда соодагерлер аппараттар менен бекер камсыз болушу кажет. Азыр айрым күчтөр социалдык-экономикалык маселелерди саясатка айландырууга аракет жасап жатышат. Элиме айтаарым, мындай чагымчылыкка алдырбаңыздар. Себеби, бул чагымчылар ким экенин биз жакшы билебиз жана аларды мыйзам жүзүндө жакын арада жоопкерчиликке тартабыз» , — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

ККМге каршы нааразылык акциялары өлкө боюнча базардарда өттү. 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарында соодагерлер менен жолугушууга барды. Ал базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын 1-июлуна чейин калтырууну тапшырды.

Президент да соодагерлерди пайдаланып, атайын нааразылык уюштурган кызыктар топтор бар экенин белгилеген.

Салык кызматы жаңы жылдан тарта «Дордой» жана «Кара-Суу» базарында патент менен иштөө токтотулуп, өзгөчө салык режими киргизилерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM