Connect with us

Ошто чек арачы кокусунан өзүн атып алганы айтылды

Кыска кабар | 7 Дек 2023 | 364 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкери каза болду.

Алдын ала маалымат боюнча, 2005-жылы туулган Э.Р., АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM