Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкери каза болду.
Алдын ала маалымат боюнча, 2005-жылы туулган Э.Р., АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон.
Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.