Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары информатика боюнча олимпиадада коло медаль утту

Кыска кабар | 30 Ноя 2023 | 377 | 0

Кыргызстандык төрт окуучу информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.

Жеңүүчүлөр:

  1. Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
  2. Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
  3. Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
  4. Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.

Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль алды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.

Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасына Кыргызстандан үч окуучу катышты. Команда жетекчиси – Кылычбек Урайымов, команда жетекчисинин жардамчысы – Медер Осмонов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM