Кыргызстандык төрт окуучу информатика боюнча өспүрүмдөр арасындагы XVI Балкан олимпиадасында эки күмүш, эки коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Олимпиада 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өтүп, кыргызстандык окуучулар ага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.
Жеңүүчүлөр:
- Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Ян Бобрус, Бишкек Газпром мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
- Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
Ошондой эле 2023-жылдын 29-октябрынан 3-ноябрына чейин Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль алды. Исхак Тажибаев Чүй облусундагы “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.
Информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасына Кыргызстандан үч окуучу катышты. Команда жетекчиси – Кылычбек Урайымов, команда жетекчисинин жардамчысы – Медер Осмонов.