Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетту кароонун алкагында Жогорку Кеңешинин жыйынында баяндама жасоодо.
Жапаровдун айтуусунда, 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419,3 миллиард сомго өскөн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 миллиард сомду түздү.
Калктын жан башына ИДП доллар менен эсептегенде былтыр 1665 доллар болсо, 2023-жылы 1900 долларга жеткен. Ал эми акыркы үч жылда ИДП 669 долларга өссө, 2010-2020 жылдар аралыгында өсүү 311 доллар болгон.