Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бюджет боюнча отчет берүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылга республикалык бюджеттин  аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча отчетту кароонун алкагында Жогорку Кеңешинин жыйынында баяндама жасоодо.

Жапаровдун айтуусунда, 2010-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандын ИДПсы 419,3 миллиард сомго өскөн, ал эми акыркы үч жылда, 2021-2023-жылдары өсүш 439 миллиард сомду түздү.

Калктын жан башына ИДП доллар менен эсептегенде былтыр 1665 доллар болсо, 2023-жылы 1900 долларга жеткен. Ал эми акыркы үч жылда ИДП 669 долларга өссө, 2010-2020 жылдар аралыгында өсүү 311 доллар болгон.

Exit mobile version