Биз менен байланышыңыз

Матроним чыры: Конституциялык соттун чечими өзгөрдү

Кыска кабар | 10 Ноя 2023 | 273 | 0

Кыргызстандын Конституциялык соту балдардын документиндеги «атасынын аты» деген графага апасынын атын жаздыруу боюнча чечимин кайра карап чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Чечимге ылайык, ар бир бала 18 жашка толгондо документине атасынын атын же апасынын атын тандоо укугуна ээ болушу керек деген пункту алып салынды.

Эске салсак, 2023-жылдын 30-июнунда Конституциялык сот активист Алтын Капалованын арызынын негизинде ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин өз фамилиясына, кааласа энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Бул маселе коомдо резонанс жаратып, талкууга алынган.  Буга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да каршы чыккан.

Мындан кийин президенттик аппарат Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол берген мыйзам долбоорун сунуштаган. Сентябрдын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун  үч окууда дароо кабыл алышкан.

3-октябрда президент Садыр Жапаров «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM