Биз менен байланышыңыз

Америкалык белгилүү кинокомпания Кыргызстан тууралуу ролик тартат

Кыска кабар | 9 Ноя 2023 | 471 | 0

Америкалык ири кинокомпания Warner Bros. Pictures Кыргызстан жөнүндө таанытуу ролигин тартууну пландоодо. Бул тууралуу Улуу Британияда өткөн туристтик көргөзмөнүн жүрүшүндө белгилүү болгонун Туризмди өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөдөгү үч ири саякат көргөзмөсүнүн бири болгон WTM London көргөзмөсү Улуу Британияда өттү. Ал жерде жыл сайын 184 мамлекет, анын ичинде Кыргыз Республикасы туристтик потенциалын көрсөтөт. Бул жолу Кыргызстандын 14 ири туристтик компаниясы жана Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Кыргызстандын күркөсүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Абылкасым Шерниязов жана Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов ачышты.

Анда чет элдик саякат блогерлери Кыргызстанга келүү боюнча кайрылышкан жана Warner Bros. Pictures компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан тууралуу видеоролик тартууну пландап жатышканын айтышкан. Фонддун вице-президенти Максат Усубалиев аларга Кыргыз Республикасындагы туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM