Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Ташкент шаарына барат

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 286 | 0

Президент Садыр Жапаров эртең Өзбекстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

8-9-ноябрда Ташкентте Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити өтөт. Иш-чарага Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Өзбекстандын Президенттери, Казакстандын, Пакистандын премьер-министрлери катышат.

Отурумда Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле Уюмга мүчө мамлекеттердин ич ара экономикалык, коомдук-маданий, илимий-техникалык кызматташтыгы, бири-бирине жардамдашуу аркылуу дүйнөлүк кырдаалга таасир этүү жолдору талкууланат.

Саммиттин алкагында «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү: Балдардын жана жаштардын аракети» темасында эл аралык форум да өтүп, ага мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова да катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM